Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:28

Элдик курултайдын аткаруу комитети кайрылуу таратты


Элдик курултайдын аткаруу комитети мамлекеттик кызматкерлерге, өкмөттүк ММКларга жана “Ак жол” партиясынын мүчөлөрүнө кайрылуу жолдоду. Кайрылууда жогоруда белгиленген кызматтагылардын көбү өзүнүн кызматтык ишин чын, ак ниеттик менен аткарып жаткандыгы, мамлекетке жана Кыргызстан элине пайда алып келүүгө аракет кылып жатканы белгиленген. Ошондой эле “Азыркы бийлик бардык мамлекеттик ишмердүүлүктү узурпациялап гана эмес, өзүнө баш ийдирип, жеке өзүнүкү кылып, үй-бүлө кызыкчылыгы үчүн иштетип, Кыргызстан мамлекеттүүлүгүнүн келечекте сакталып калуусуна коркунуч алып келгени сиздердин күнөөңүздөр эмес”, - деп жазылат кайрылууда. Мындан сырткары сөз эркиндиги жоголуп, “реформанын” аркасынан мыйзамда жок структуралардын иштеп жатканы, соттордун эркин болбой жатканы белгиленип, “Бакиевдер өз эли менен гана эмес, жакын жана алыскы кошуна өлкөлөр менен мамилеси бузулду деп” айтылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG