Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:18

Милиция кызматкерлери пикетчилердин плакатын айрып салды


Бүгүн БУУнун баш катчысы Пан Ги Мундун Жогорку Кеңешке келчү жолун утурлай тосуп турган пикетчилерди тартип коргоо кызматкерлери таратып, алардын колдорундагы плакаттарды айрып салган. Бул тууралуу “Азаттыкты коргоо" комитетинин жетекчиси Өндүрүш Токтонасыров кабарлады. Анын айтымында, милиция кызматкерлери парламент алдындагы Лениндин эстелигинде пикетке чыккандарды унаага салып кетүүгө аракет кылып, “Stan Media" телекомпаниясынын бир операторуна кол көтөргөнгө чейин барган.

Бүгүн баш катчынын келишин утурлап Кыргызстандагы кысымга кабылган маалымат каражаттары - “Азаттык” үналгасы, "Stan Media" телекомпаниясы, “Форум”, "Назар", Ачык саясат", "Алиби" гезиттеринин жана башка аларга тилектеш ММК өкүлдөрү БУУнун Бишкектеги имаратынын алдына пикетке чыгышкан. Аларды милиция кызматкерлери тараткан болчу. Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы милиция кызматкерлери мыйзам чегинде гана иштеп жатканын белгилеп, журналисттерге кол көтөрдү, унаага салып алып кеткенге аракет кылды деген маалыматты четке какты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG