Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:56

“Ата Мекен” партиясынын Оштогу координатору А.Кангелдиевди сабап кетишти


Бүгүн кечке маал өзүнүн үйүнөн алыс эмес жерде “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү, укук коргоочу Абдыкайым Кангелдиевди сабап кеткени тууралуу маалыматты партиянын Ош облусу боюнча координатору Бакытбек Калмаматов “Азаттыкка” тастыктады. Анын айтымында, учурда А.Кангелдиев шаардык ооруканага жеткирилди жана абалы оор.

“Бети-башы талкаланган, абалы оор, кимдер сабап кеткендиги тууралуу маалымат бере албайт. Бир нече күндөн бери “Ата Мекендин” мүчөлөрүнө бийлик тарабынан эскертүүлөр болуп келген. Ал ишке ашпаганда коркутуп-үркүтүү, зордук-зомбулук менен аракет кылып жатышат ”, - дейт Б.Калмаматов. Учурда ооруканага милиция кызматкерлери келди.

Абдыкайым Кангелдиев БЭКтин Ош облусу боюнча уюштуруу комитетинин орун басары, “Мыйзамдуулукту коргоо жана колдоо” коомун жетекчиси. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG