Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:10

Пан Ги Мундун Кыргызстандагы сапары карыды


БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Жогорку Кеңеште жакырчылыкты азайтуу, аялдарга карата зордук-зомбулукту токтотуу, тынчтыкты, коопсуздук камсыздоо, адам укугун, басма сөз эркиндигин коргоо маселелерин козгоду.

Ал арада баш катчынын саясий маселелер боюнча орун басары Лин Пэскоу баштаган топ Бишкектеги БУУнун үйүндө көз карандысыз маалымат каражаттары, укук коргоочулар жана саясатчылар менен жолугушуп, өлкөдөгү соңку окуялар тууралуу маалымат алышты.

Улуттар Уюмунун Баш катчысы Пан Ги Мун кыргыз парламентинде сүйлөгөн сөзүндө үч башкы маселени белгилеп өттү. Биринчи дүйнөдө жакырчылыкты азайтуу, аялдарга карата зомбулукту токтотуу зарылдыгын белгиледи. Аялдарды колдоп коргоо эң биринчи кезекте үй-бүлөдө, аны менен катар дүйнөдө стабилдүүлүктүн орношуна өбөлгө болорун кошумчалады.

Пан Ги мун экологиялык проблемаларга токтолду. Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан глобалдык жылуулукка каршы чыныгы аракет көрүүгө мезгил жеткенин билдирди.

БУУнун Баш катчысы дүйнөдөгү коопсуздук сакталышына, анын ичинде Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салууда Кыргызстандын ролун баса белгилеп өттү.

Ошентсе да Пан Ги Мун адам укуктарынын абалына кабатырлануу менен токтолду.

- Улуттар уюму үчүн Кыргызстандын адам укутарынын баардык түрүн коргоо, анын ичинде сөз жана массалык маалымат каражаттарын эркиндигин сактоо өтө маанилүү. Кыргызстандагы кийинки учурдагы айрым окуялар адам укуктарын коргоодогу эң орчундуу суроолорду жаратат,- деп сүйлөдү Баш катчы.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков “Азаттыкка” БУУнун баш катчысы Пан Ги Мундун аялдардын укугун коргоо тууралуу маселе көтөргөнүн маанилүү деп билдирди. Ал ошондой эле Баш катчы Кыргызстанга мыйзамдарды жакшыртуу боюнча сунуш айтканын кошумчалады:

- Биздин Конституция жана мыйзамдар бүгүнкү талаптарга жооп берет деди. Бирок биздин мамлекет бул жагынан дагы алдыда болуусун суранып кетти. Бизде бул жаатта бир топ мыйзам долбоорлор бар эле, биз муну сөзсүз карайбыз.

БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мун Жогорку Кеңеште жолугушууларды өткөрүп жүргөн чакта анын саясий маселелер боюнча орун басары Лин Пескоу баш болгон топ, укук коргоочулар, саясатчылар жана көз карандысыз маалымат каражаттарынын, анын ичинде “Азатыктын” Бишкек кеңсесинин директору Кубат Оторбаев менен жолугушту. Жолугушууда өлкөдө соңку учурда басма сөз эркиндигине күчөп жасалып жаткан кысымдар, саясий процесстер тууралуу маалымат алышуу болду

“Ак Шумкар партияснын төрагасы Темир Сариев да бул жолугушууда болду. Ал “Азаттыкка” БУУнун өкүлдөрүнө Кыргызстандагы үй-бүлөлүк башкаруу, демократияга жат көрүнүштөр тууралуу маалымат берилгенин билдирди. БУУнун өкүлдөрү өз уккан-билгендерин Баш катчыга жеткирүүнү убада кылышты.

- Биздин мамлекет эл аралык уюмдардын алдында бир топ милдеттенмелерди алганбыз. Эгер ал милдеттенмелерден кайтып кете турган болсок, Бириккен Улуттар Уюмунун өзүнүн жол-жоболору бар аларды колдонот. Мисалы, кээ бир мамлекеттерде алар санкция киргизгенге чейин барып жатышпайбы. Булар абдан күчтүү. Анткени өздөрүнүн Коопсуздук кеңешинде көтөрүп, бул маселелерди караса, өнүккөн мамлекеттердин жетекчилери, алардын атайын органдары биздин мамлекетке өздөрүнүн катуу талаптарын кое баштайт. Ошол эле эл аралык каржы уюмдар аркылуу талаптарды коет.

БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мун эртең эртелеп Бишкектен учуп кетет. Баш катчы андан аркы иш сапарын Өзбекстандан улантат.


Баш катчы адам укуктарын сактоого чакырды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:24 0:00

XS
SM
MD
LG