Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:18

Иран президенти жаңы эл аралык санкцияга каршы сүйлөдү


Иран президенти Махмуд Ахмадинежаддын билдиришинче, Тегеранга каршы эл аралык санкцияны дагы катаалдантуу өлкөнүн ядролук программанын үстүнөн иштөөсүн тездетет. Ахмадинежад ишемби күнү Ирандын түштүгүндөгү Сирян шаарында сүйлөп, дүйнө коомчулугунун Тегеран ядролук куралдуу болууга умтулууда деген ырастоосу негизсиз экенин кайталап, мындай деди:

-Алар бизге: “Ирандын элине колубузду сунуудабыз, бирок Иран өкмөтү жана Иран эли алик албай жатат” дешет. Бизге эмне үчүн колуңарды узатасыңар? Бул эмнени өзгөртөт. Санкция алып салындыбы?

Ахмадинежад ошондой эле АКШ президенти Барак Обама берген убадаларына карабай, “реалдуу” өзгөрүүлөрдү жасай албады деди.
Обама 2009-жылы январда Ак Үйгө келгенден тарта бир катар дипломаттык демилгелерди жасаган. Бирок Тегеран уран байытууну токтотпогондон кийин БУУнун Коопсуздук кеңешин жаңы санкция колдонууга үндөөдө. Санкцияга узактан бери макул болбой жүргөн Кытай бейшемби күнү бул маселе боюнча өтчү келерки аптада АКШда болчу эл аралык жыйынга катышаарын билдирген .

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG