Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:31

“Ата Мекендин" Ысык-Көлдөгү өкүлүнө кылмыш иши козголду


Партиянын Ысык-Көл облусундагы жаштар канатынын лидери Салават Имашовго Каракол шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголду. Ага Элдик курултайдын аткаруу комитетинин Караколдогу бүгүнкү жолугушуусунда "бир аялдын колун сындырган" деген айып тагылууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" билдирген Салават Имашов муну жалган жалаа деп эсептээрин, жергиликтүү бийлик оппозиция өкүлдөрү менен жолугушууга атайын аялдар тобун даярдап, чыр чыгарганын кошумчалады.

Бүгүн Роза Отунбаева, Мирбек Асанакунов, Эмил Каптагаев баш болгон оппозиция өкүлдөрү 7-апрелде өтчү курултайга даярдык көрүү максатында Ысык-Көлгө барышкан. Бирок алардын жолугушуусуна милиция жана жергиликтүү аялдар тарабынан тоскоолдуктар болуп, "Ата Мекен" партиясынын үч өкүлү шаардык ички иштер бөлүмүндө беш саат бою кармалган.

Бул окуя боюнча Каракол ШИИБинин кызматкерлери менен байланышуу аракетибизден азырынча майнап чыккан жок.(Jak)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG