Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:20

Парламенттин төрагасы баштаган делегация Санкт-Петербургда


Жогорку Кеңештин төрагасы Зайнидин Курманов баштаган кыргыз парламентинин делегациясы 5-апрелден 9-апрелге чейин Санкт-Петербург шаарында өтүүчү Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА), Жамааттык кызматташтык келишим уюмунун (ЖККУ) жана ЕврАзЭБнин Парламенттер аралык ассамблеясынын жыйындарына катышат.
Анда агроөндүрүш, бажы, чек ара, соода, эл аралык кызматташтык жана укуктук маселелер каралмакчы.
Иш сапары маалында спикер З.Курманов РФ Федералдык жыйынынын Федерация Кеңешинин төрагасы С.Миронов, РФ Федералдык жыйынынын Мамлекеттик дума төрагасы Б.Грызлов, Казакстандын парламент мажилисинин төрагасы У.Мухамеджанов, Украинанын Жогорку Радасынын төрагасы В. Литвин ж.б. парламент жетекчилери менен жолугушмакчы.
Ошондой эле, Жогорку Кеңештин төрагасы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 65 жылдык мааракесине арналган «Европа коопсуздугунун келечеги» темасындагы эл аралык парламенттик конференциясында чыгып сүйлөшү күтүлүүдө. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG