Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:03

Т. Акун “Азаттыктын” угармандарынын талабын бийликке жеткирет


Бүгүн “Азаттыктын” угармандарынын кыймылынын жетекчиси Өндүрүш Токтонасыров Бишкекте Акыйкатчы институнунун алдында пикетке чыкты. Ө. Токтонасыровду акыйкатчы Турсунбек Акун кабыл алды. “Азаттык” үналгысын Улуттук телерадио корпорациясы аркылуу бүтүндөй Кыргызстанга кайрадан угузуу талаптарын президентке жана анын катчылыгына кат аркылуу жеткирерин убада кылды. Акыйкатчы “Азаттыктын” уктурулушунун чектелишин сөз эркиндигин басынтуу катары баалады. УТРК “Азаттык” менен кызматташууну 2008-жылы октябрдан тарта токтоткон. Ушул жылдан март айынан баштап "Азаттыктын" жер-жерлердеги айрым шериктери бийликтен кысым болгонун оозеки билдиришип кызматташуудан баш тартышкан. Президенттин катчылыгын өкүлдөрү бул маселе иликтенерин билдирүүдө. (EBM)

XS
SM
MD
LG