Бүгүн “Ата-Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев АКШнын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Ларри Меммотт менен жолугушту. Ө. Текебаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, анда Кыргызстандагы соңку социалдык-саясий кырдаал талкууланды. Мындан мурдарак “Ата-Мекен” партиясы президент Курманбек Бакиевдин уулу, Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин башчысы Максим Бакиевдин 8-апрелдеги АКШ сапарына байланыштуу расмий Вашингтонду айыптап билдирүү тараткан. АКШнын Кыргызстандагы элчилиги М. Бакиев баштаган топ АКШга жылдык эки тараптуу кеңешүүлөргө барарын билдирген болчу. (EBM)