Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:59

Карикатура чатагы боюнча сот болот


Адвокат Александр Типеровдун бүгүн “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, 6-апрелде Биринчи май райондук сотунда “Жашылдар” партиясынын кеңесесинен өткөн жылы табылган “карикатурага” байланыштуу соттук жараян башталат. Ишти судья Жылдызбек Кудаяров карайт. Партиянын кеңсесинен табылган “карикатура” президенттин ар-намысына доо келтирет деп, Башкы прокуратура партия лидери Эркин Бүлекбаевди сотко берген.
Соттор жана прокурорлор бул иш Петровка иши боюнча бирге каралыш керек деген маселеде орток пикир таба албай, соңунда Жогорку Сот “карикатура” иши өзүнчө каралыш керек деген чечим чыгарган.
Ал эми Петровка окуясы боюнча айыпталуучулардын акыркы сөз сүйлөөсү калган. Ал кайсы убакытка белгиленерин судья Феликс Марлес кошумча маалымдамак болгон. (AiT)

XS
SM
MD
LG