Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:20

Элдик курултайдын аткаруу комитети тартип коргоо органдарына кайрылды


Кайрылууда өлкөдөгү кризисттик кырдаалдын башкы себепкери бийликтин бардык бутактарын Бакиевдердин үй-бүлөсү менчиктеп алышы жана 2005-жылдагы элдин жакшы жашоого үмүтү аткарылбай калганы аталган. Тартип коргоо органдарынын кызматкерлерине бийликтин тукуруусу менен мыйзамыз аракеттерге барбоого чакырык жасалган. “Сиздер эл тарапта болуп, криминалдашкан бийликке “Жок!” айтууну колдойсуздар деп ишенебиз”,-белгиленген кайрылууда. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Р.Ахмедов кайрылуунун мазмуну менен тааныш эместигин, таанышкан соң пикирин айтаарын билдирди.(AiT)


Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG