Линктер

жума, 28-апрель, 2017 Бишкек убактысы 22:28

НАТО Ооганстандагы рейдден 5 ооган жараны мерт болгонун моюнга алды


Ооганстандагы НАТО жетектеген көп улуттуу күчтөр өткөн жума күнү өлкөнүн түштүк-чыгыш тарабында атайын рейд маалында беш киши, алардын ичинде 3 аял каза тапканын ырастады. Пактиа провинциясынын Гардез районунда НАТОнун аскерлери козголоңчулар бар деп кирип барган үйдө куралчан эки эркек жана ал жердеги 3 аял өлтүрүлгөн, кийин алар козголоңчулар эмес экени такталган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG