Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:37

Таласта Болот Шерниязовду кармашты


Бүгүн эртең менен Талас шаарына кире бериш жерде “Ата Мекен” социалисттик партиясынын төрагасынын орун басары Болот Шерниязовду милиция кызматкерлери кармашты. Бул тууралуу Таластан кабарчыбыз Замира Кожобаева кабарлады.Анын айтымында, Б. Шерниязовду облустук милициянын имаратына алып кирип кетишти. Имараттын алдында 700дөй киши турат. Ал эми тартип коргоо органдарынан жүздөй атайын багыттагы милиционерлер жана элүүдөй катардагы милиция кызматкерлери бар. Чогулган эл Шерниязовду бошотуу талабын коюп, эгерде бошотулбаса өздөрү кирип бошотушарын билдирүүдө. Милиция кызматкерлери алар бул жерде атайын окуу өткөрүү үчүн топтолушканын айтып жатышат.

7-апрелде Таласта да Элдик курултай өткөрүү белгиленген. Бийлик партиясынын өкүлдөрү мыйзам чегинде элдик курултай өткөрүүгө каршылыктары жок экенин буга чейин билдирген.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG