Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:36

ЖКнын комитети “Манас” тууралуу мыйзам долбоорду карайт


Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитети бүгүн түштөн кийин “Манас эпосу тууралуу” мыйзам долбоорду талкуулайт. Парламенттин маалымат кызматынын билдиришинче, долбоор тууралуу Маданият боюнча агенттиктин башчысы Ибрагим Жунусов маалымат берет. Президент Курманбек Бакиев 31-мартта бул мыйзам долбоорду парламенттин кароосуна жөнөткөн. Президенттин маалымат кызматы долбоор эпосту кыргыз элинин кайталангыс руханий мурасы катары сактап, даңазалап жана өнүктүрүү боюнча маселелерди жөнгө салуу үчүн иштелип чыкканын маалымдаган. (EBM)

XS
SM
MD
LG