Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:50

Талас: губернатор аймактагы кырдаал тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты


"Азаттыктын" кабарчысы Жанар Акаев Талас облусунун азыркы губернатору Бейшенбек Болотбековдон азыркы абал тууралуу кайрылганда азыркы губернатор жооп берүүдөн баш тартты. Азыр Таласта эл облусттук акимчиликке кирип барып элдик губернатор кылып Шералы Абдылдаевди шайлашты. Орун басары болуп “Ата-Мекен” партиясынын Таластагы мүчөсү Койсун Курманалиева дайындалды. Чогулуп Талас облустук акимчиликке кирип барган элди таратуу үчүн милициялар чогулуп жатканы кабарланууда. (EBM)

XS
SM
MD
LG