Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:08

Президенттин аппараты Таластагы окуя боюнча комментарий берүүдөн баш тартууда


Президенттин аппаратынын башчысы Каныбек Жороев жыйында экенинен айтып, анын орун басары Жетиген Бакиров Таластагы окуя боюнча пикирин “Азаттыкка” айтуудан баш тартты. Президенттин катчылыктын эксперттик-аналитикалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Султан Жумагулов да бул окуяны комментарийлеген жок.

Сонку маалыматтар боюнча Таласта облустук акимчиликтин кирип барган элге милиция көздөн жаш агызуучу ок атты. Алардын арасында бир адам желим октон катуу жарадар болуп, ооруканага алынып кетти. Көздөн жаш агызчу октон эстери ооп жыгылгандар да бар. Азыр чогулган эле Таластага Ички иштер башкармалыгын айланчыктап турушат. Облус губернатору Б.Болотбековдун маалымат катчысы Бакай Садыровдун маалыматы боюнча, чогулган элдин саны 500дун айланысында, ал эми оппозиция тарап жыйынга 2000дей адам чыкты дешет. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG