Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:08

Данияр Үсөнов: Таласта кырдаалды колго алдык


Өкмөт башчы Данияр Үсөнов Таластагы окуялар боюнча маалымат берди. Облустагы кырдаал толук көзөмөлгө алынганын, Бишкектен жүз милиция кызматкери жөнөтүлгөн билдирди. Д. Үсөнов Кыргызстандагы баардык губернаторлор менен сүйлөшкөнүн, баардык жерде кырдаал көзөмөлдө экенин айтты.

“Бийлик эч кандай деструктивдүү чыгууларга жол бербейт. Кырдаалды дестабилдештирүүгө болгон бардык аракеттерге катуу бөгөт коюлат. Күнөөлүүлөр мыйзамдын талаптарына ылайык эң катаал жазага тартылышат”, - деп айтты Д.Үсөнов.

Ал ошондой эле 7-апрелге белгиленген курултайларды мыйзамсыз деп белгилеп, андай жыйындарга катышпоого чакырды.
Таласта кырдаалды жөнгө салуу үчүн биринчи вице-премьер-министр Акылбек Жапаров менен айыл чарба министри Искендербек Айдаралиев жүрөт. (EBM)

XS
SM
MD
LG