Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:26

Нарын шаарында эл чогула баштады


Бул тууралуу “Азаттыкка” Бириккен элдик кыймылдын штаб башчысы Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымында, Нарында азыр эки жүзгө чукул адам чогулуп калды. Алар тынч жол менен бийликтин эл тарапка өтүшүн талап кылышууда. Нарындагы "Азаттыктын" кабарчысынын билдирүүсүнө караганда, учурда бийлик Нарын облустук акимиатын милиция кызматкерлери менен бекемдеп жатышат. Ал эми облустагы борбордук аянтта чогулган эл жок.

Маалыматка караганда азыр Жалал-Абаттын Аксы районунда да эл топтолуп жатат. Мындан мурдарак өкмөт башчы Данияр Үсөнов облустардын губернаторлору менен сүйлөшкөнүн, бардык жерде кырдаал көзөмөлдө экенин билдирди. (EBM)

XS
SM
MD
LG