Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:02

Роза Отунбаева: "Мен бийлик ал жерде күч колдонбосо деп тилейт элем"


Таластагы окуяларга карата Социал-демократтар фракциясынын башчысы Роза Отунбаева "Азаттыкка" мындай пикирин билдирди: "Милиция Кыргызстандын төрт тарабында абдан катуу иштеп жатат. Таласта түшкө карата Шерниязовду УВДга киргизип алышып, коркутканга аракет жасашты, өткөндө А.Бекназаров ошол жакка барса "сен эмнеге келесиң Таласка" дешиптир, ошентип булар чагымга барышты. Чагым жасап туруп, элди иренжитип, эл арасында кадыры бар адамдарды коколоп, кекетип, дегендей. Биз өкүнүп атабыз ушундай болуп кеткенине. Биз курултай өтөт деп даярдыкта турчубуз, баары даяр болчу ага, булар болсо мындай жолго барышты. Мен бийлик ал жерде күч колдонбосо деп тилейт элем. Элге карата күч колдонбосун. Анткени кан төгүлсө аягы жакшылык менен бүтпөйт. Биз угуп атабыз ошол жерге атайын даярдыктагы жигиттер аэропорттон учуп кетиптир, деп. Бул эч жакшылыкка алып келбейт. Ошол жактагы элди аяп, эл менен тил табышканга аракет кылсын азыркы бийлик" , деди Р.Отунбаева.

Мындан мурда Талас шаарынын прокурору Астапа Казиев "Азаттыкка" "Болот Шерниязов Талды-Булактан элге чыгып, эртең жыйналыш, курултай болот, ошого келгиле деп үгүттөптүр. Эмне үчүн үгүттөдүңүз эле десек, чындыгында мен үгүттөп жүрөм, курултай өткөрөбүз, деп ачык эле айтты. Бул мыйзамга ылайык келбейт. Конституциянын 25-статьясында коомдук чаралар жергиликтүү бийлик органдарына маалымдама берип туруп, андан кийин анан иш-чара өткөрүү маселеси каралган. Ошол маселе боюнча азыр биртке талкуу болду, андан кийин эч кандай эч нерсе болгон жок. Мен эскертүү берсем, эскертүүнү кабыл алуудан баш тартты", деп айткан эле.

XS
SM
MD
LG