Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:44

НАТО ооган президенти Хамид Карзайды сындады


НАТОнун Ооганстандагы өкүлү Жеймс Аппатурай “президенттин билдирүүсү альянска карата өлкөдө ишенимди жоготот” деп эскертти. Ал эларалык коомчулук менен НАТО ооган элине терроризмге каршы күрөштө колдоо көрсөтүш үчүн “көп күч жумшап, оор жоготууларга” барып жатканын, мунун баары ооган эли тарабынан таанылып, жогорку деңгээлде колдоого алынышын күтөөрүн билдирди.
Президент Карзай буга чейин Кошмо Штаттары Ооганстандын ички иштерине ашкере кийлигишип жатканын айтып, бул улана берсе, өзү талиптер тарапка өтүп кетээрин айткан. Ал чет-өлкөлүк өкүлдөрдү былтыркы шайлоодогу мыйзам бузуулар үчүн да айыптаган.

XS
SM
MD
LG