Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:53

Таласта Б.Шерниязов кармалды


Таластан “Азаттыктын” кабарчысынын билдирүүсүнө караганда, атайын багыттагы милиция жоокерлери облустук администрациянын имаратын бошотуу аракетин баштап, имаратка кирип барды. Бошотуу учурунда көздөн жаш агызчу газ пайдаланылды. Бирок ага карабай чогулган эл облустук акимияттын имаратына карай чабуул коюп, кирип барышууда. Милиция аларга каршы көздөн жаш агыза турган пайдаланууда. Ал эми “Ата Мекен” социалисттик партиясынын төрагасынын орун басары Болот Шерниязовду милиция кызматкерлери кармап кеткени кабарланууда. Бул маалымат башка булактан тастыктала элек. Бул арада адамдар милициянын автоунаасын өртөп жибергени маалым болду.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG