Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:54

Премьер-министр Д.Үсөнов элди курултайларга катышпоого чакырды


Kyrgyzstan -- Prime Minister Daniyar Usenov talks to the media in Bishkek, 06Apr2010
Kyrgyzstan -- Prime Minister Daniyar Usenov talks to the media in Bishkek, 06Apr2010
Д.Үсөновдун сөзү боюнча ушул жылдын 6-апрелинде деструктивдүү маанайдагы адамдар (болжол менен 500 адам), “Ата Мекен” партиясынын төрагасынын орун басары Болот Шерниязовдун түздөн-түз жетекчилиги менен Талас шаарынын аймагында административдик имаратты ээлеп алууга жана облусту башкаруунун альтернативдүү органын түзүүгө аракет жасашкан.

Шерниязовдун жетекчилигиндеги топ тарабынан мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине карата күч колдонуу менен облустук администрациянын имараты басып алынган. Элдик губернатор деп аталган жетекчи дайындалган. Андан сырткары курал-жаракка ээ болуу жана камакка алынган адамдарды бошотуу максатында облустук Ички иштер башкармалыгынын имаратын басып алууга аракеттер көрүлгөн.

Бирок, ички иштер органы тарабынан өз учурунда жана адекваттуу чаралардын натыйжасында Шерниязовдун жана аны жактагандардын деструктивдүү аракетине бөгөт коюлуп, акциянын активдүү катышуучулары кармалган. Милиция тарабынан жагдайды нормалдаштыруу максатында атайын каражат, атап айтканда көздөн жаш агызуучу газ пайдаланылган.

Азыркы учурда Талас шаарындагы жана Талас облусундагы кырдаал толук боюнча укук коргоо органдары тарабынан контролдонууда.
Д.Үсөнов Талас шаарын кошпогондо республиканын бардык облустарындагы кырдаал туруктуу деп белгиледи. “Бийлик эч кандай деструктивдүү чыгууларга жол бербейт. Кырдаалды дестабилдештирүүгө болгон бардык аракеттерге катуу бөгөт коюлат. Күнөөлүүлөр мыйзамдын талаптарына ылайык эң катаал жазага тартылышат”, - деп айтты Д.Үсөнов.

Ал, ошондой эле кыргызстандыктарды ар кандай провокациялардын азгырына берилбөөгө жана 7-апрелге белгиленген курултай деп аталуучу жыйындарга катышпоого чакырды, анткени андай жыйындарды өткөрүү мыйзамсыз болуп эсептелет.
Башкы прокурор Н.Турсункулов жапырт башаламандыкты уюштуруу фактысы боюнча кылмыш иши козголгондугун маалымдады. “Азыркы учурда башаламандыктын катышуучуларын кармоо боюнча чаралар көрүлүп жатат. Бардык күнөөлүү адамдар Мыйзамга ылайык жазага тартылышат”, - деп белгиледи ал.

Экстремисттик акциянын уюштуруучуларына жана катышуучуларына карата прокуратура органы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин бир катар беренелери боюнча кылмыш иши козголду (295-берене боюнча – бийликти күч менен тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу, 297-берене боюнча – конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө ачык чакырыктар, 233-берене боюнча – жапырт башаламандыктар).

Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

XS
SM
MD
LG