Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:53

ИИМ: Губернатор милиция операциясынын натыйжасында бошотулду


Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев Таластагы соңку окуялардын бирин мына ушундайча мүнөздөгөнүн Рейтер агенттиги маалымдады. Конгантиев кабарчыларга облус губернатору “аны узак убакытка барымтада кармоого даярданган” оппозиция демонстранттарынын колунан милициянын атайын операциясынын аркасында бошотулганын, ал азыр жергиликтүү милиция бөлүмүндө экенин айткан. Ички иштер министри ошондой эле операция учурунда милициянын кээ бир кызматкерлери жаракат алганын да кошумчалаган. Бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 21ден кийин Таласта облакимчиликтин эл кирип алган имаратына милициянын атайын күчтөрү чабуул жасаган болчу. (UE)

XS
SM
MD
LG