Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:16

Алматыда кытайлык жаран эркин гезиттин имаратына чабуул койгону үчүн беш күнгө камалды


“Жаш Алаш” деп аталган гезиттин имаратына 28-мартта чабуул жасалган. Ал үчүн сот дүйшөмбүдө кытайлык мигрант Ян Шаолианды күнөөлүү деп тапты. Журналисттердин укугун коргоо боюнча “Адил сөз” борборунун кабарына караганда, мигрант мас абалында редакциянын эшик-терезелерин сындырган. Алматыдагы кытайлык ишкерлердин уюмунун өкүлү Жан Жианчоу бул үчүн расмий түрдө кечирим сурап, гезитке чыгашаны төлөп бергени кабарланды. Бирок “Жаш Алаштын” редактору Рысбек Сарсенбай соттун чечимине канааттанбаганын, кытайлык мигрант редакцияга чабуул койгону кокустук болбогонун, бул жакында гезит баскан макалалар менен байланыштуу экенин билдирди. “Жаш Алаш” кытай-казак мамилелери жөнүндө, Казакстанда кытайлык фермерлерге жерди арендага берүү боюнча талаш-тартыштуу маселе боюнча кеңири макалаларды жарыялаган.

XS
SM
MD
LG