Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:34

А. Атамбаевди кармап кетүүгө жактоочулары жол бербей жатышат


Алмазбек Атамбаевди алып кетүү үчүн анын үйүнүн алдында куралчан маскачан адамдар турат. Укук коргоочулар жана башка жан тарткан адамдар аларды өткөзбөй жолун тороп турушат. Алмазбек Атамбаевдин өкүлү Мелис Карыбаев чогулгандардын алдына чыгып, Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери оппозициялык саясатчы Алмазбек Атамбаевди бир саатка алып кетип, кайра үйүнө жеткирерин убада кылып жатышканын айтты. Учурда коопсуздук кызматынын кызматкерлери менен А. Атамбаевдин тарапкерлеринин ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүүдө. (KCh/ZMa)

XS
SM
MD
LG