Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:52

Н.Турсункулов: Таласта башаламандыкты уюштургандарга кылмыш иши козголду


Башкы прокурор Н.Турсункулов кечээ маалымат жыйынында жапырт башаламандыкты уюштуруу фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди. Анын айтымында, бардык күнөөлүү адамдар мыйзамга ылайык жазага тартылышат.
Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, экстремисттик акциянын уюштуруучуларына жана катышуучуларына карата прокуратура органы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 295-беренеси боюнча – бийликти күч менен тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу, 297-берене боюнча – конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө ачык чакырыктар, 233-берене боюнча – жапырт башаламандыктар деген беренелер менен кылмыш иши козголгон. Кечээ оппозициянын лидерлери Өмүрбек Текебаев, Алмаз Атамбаев, Болот Шерниязов, Эмил Каптагаев, Иса Өмүркулов, Турат Мадылбеков камакка алынган. “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев болсо бүгүн таңга маал “Манас” аба майданынан Москвадан келген учктан кармалып, камакка алынды. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG