Линктер

жума, 24-март, 2017 Бишкек убактысы 06:18

Таласта кырдаал өтө курчуп баратат


Бул тууралуу “Манас-1000” коомдук уюмунан билдиришти. Маалыматка караганда, бүгүн Талас облусу боюнча элдер чогулуп, Болот Шерниязовду бошотууну жана Бишкектен барган атайын даярдыктагы аскерлерди алып кетүүнү талап кылышат. Аталган уюмдун билдиришинче кечээ эл менен укук коргоо кызматкерлеринин ортосундагы кагылышуудан отуздай адам жаракат алып, ооруканага жаткырылган.
Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев Таластагы баш аламандык милиция кызматкерлери тарабынан басылып, кырдаал көзөмөлдөнүп турганын маалымдады. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG