Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:38

Таласта ооруканага 48 киши түштү


Таластагы облустук ооруканынын башкы дарыгери Жумашалиев Шаршенбектин бүгүн “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда,6-апрелдеги Таластагы кагылышуулардан жарадар болгон 48 киши ооруканага түштү. Алардын ичинен 35 милиция кызматкери.
Ооруканада жаткан 2 адамга тапанчанын огу тийгенин жарадар болгондор өздөрү билдирүүдө. Ал эми башкы дарыгер ал маалыматты тастыктабай жатат. Таластык дарыгерлерге жардам көрсөтүү үчүн Бишкектен да дарыгерлер барды.
Азыркы мезгилге карай Талас облустук администрациянын алдында чогулган эл байкалбайт. Бирок алар саат тогузга карай чогулушмакчы.(AiT)

XS
SM
MD
LG