Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:38

Р.Ахмедов:Таласта эч кандай курал колдонулган жок


Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Маалымат жана коомдук байланыш башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Рахматулло Ахмедов “Азаттыктын” таңкы маегинде билдирди. Анын айтымында, массалык тартип бузуулардан тартип коргоо органдарынан 85 кызматкери медициналык жардамга муктаж болуп кайрылышкан. “Алардын он тогузу травмотологиялык-хирургиялык бөлүмгө жаткырылган, 4 адам реанимацияда жатышат. Алардын алган жаракаттардын оор-же-илдиги, диагноздору ушул тапта такталууда”,-дейт Р.Ахмедов.
Ал ошондой эле укук коргоо органдары элге каршы эч кандай курал колдонулбаганын кошумчалады.
Талас облусундагы Ички иштер бөлүмүнүн жооптуу кызматкери Жолдош Кыязовдун билдиргенине караганда, азыр ооруканага ар кандй жараат менен 48 киши түшкөн, алардын 35и ички иштер органдарынын кызматкерлери, калгандары бей-жай тургундар. (AJ)

XS
SM
MD
LG