Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:46

Ош: “Азаттык", Би-Би-Синин кабарчыларына кол салуу аракети болду


“Азаттыктын” кабарчысы Алишер Токсонбаевдин айтымында, Ош облусундагы Чыйырчык ашуусунун түбүндө Би-Би-Синин кабарчысы Айбек Абдылдаев экөөнү МАИ кызматкерлери токтотуп, документтерин талап кылган. Ашууда он чакты спортчу жана он чакты аялдар келип кабарчыларга кол салып, колун кайрып диктафон жана фотоаппараттарын тартып алышкан. Алар кабарчыларды кырдаалды курчутуп, кабар берип жатасыңар деп күнөөлөгөн. А.Токсонбаевдин айтымында, алар качып кутулушкан. Кабарчылар Алайда боло турган Элдик курултайды чагылдыруу үчүн бара жатышкан болчу. Учурда алар Ош Ички иштер бөлүмүнө кайрылуу аракетин көрүп жатышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG