Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:57

Д.Үсөнов: Таластагы баш-аламандыкта облустук администрациянын имараты талкаланды


Бул тууралуу өкмөт башчы Данияр Үсөнов бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, кечээ күнү кечинде орун алган баш-аламандыкта 85 милиция кызматкери жабыркады. Алардын ичинен 17си ооруканага жаткырылды. Бешөөсүнүн абалы өтө оор. Таластагы окуялар алдын-ала уюштурулган. Деструктивдүү күчтөр ага атайын даярдык көрүшкөн. “Атайын операция менен гана губернатор Бейшенбек Болотбеков бошотулду. Бул ишти жасагандар оор кылмышка барышты. Алардын иш-аракетине биздин юристтер баасын беришет.
Таласта азыркы мезгилде биринчи вице-премьер-министр Акылбек Жапаров, айыл чарба министри Искендербек Айдаралиев бар”, -деп белигледи Д.Үсөнов.(AiT)

XS
SM
MD
LG