Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:40

“Ак шумкар” партиясынын лидери билдирүү жасады


Улуттук коопсуздук кызматында камалып отурган Темир Сариев телефон аркылуу билдирүү жасап, биринчиден президент Курманбек Бакиевди өз элине ок атууну токтотууну талап кылды. “К.Бакиев эсине келип элди сүйлөшүү жолу менен тынчытуусу зарыл”,-дейт Т.Сариев. Ал ошондой эле Батыш мамлекеттеринин жана коңшу мамлекеттердин президенттерине, Жамааттык коопсуздук жана кызматташтык уюмуна, Шанхай кызматташтык уюмуна кайрылып, К.Бакиевди келишимдерди бузбоого, өз элине ок атуусун токтотууга чакыруусун өтүндү. Бул тууралуу билдирген Темир Сариев Улуттук коопсуздук кызматтын кызматкерлери аны жана башка опозициячыл саясатчыларды белгисиз себептер менен камактан чыгарбай жатканын кошумчалады. Бул билдирүүгө президенттин басма сөз кызматынан жооп алууга аракет жасаганыбыз менен эч бир майнап чыккан жок. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG