Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:06

Ысык-Көл облусунун бийлик жетекчилери имараттан чыгып кетишти


Мындай маалымат СДПК партиясынын Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн жаштар канатынын координатору Миргүл Осмоновадан алынды. Маалыматты Ысык-Көл облус губернаторунун орун басары Светлана Мамедова да “Азаттыкка” тастыктап, бийликти өткөрүп бергиле деп имарат алдына келген адамдардын талабын аткарууга мажбур болдук деп билдирди. Ал эми Миргүл Осмонованын айтымында, губернатор Кыдыкбек Исаев чогулган эл алдында кечирим сурап,”жеп-ичкеним жана кемчиликтерим болсо кечирип койгула", деп өтүнүп, “Ата Мекен” партиясынын желегин кармап сүрөткө түшкөн жана эл менен бирге экендигин билдиргенден кийин имараттан чыгып кеткен. Губернатордон кийин Каракол шаарынын мэри Нурбек Алиев да ишинен чыгып кеткен бойдон дайыны белгисиз. Учурда оппозициячыл күчтөр 13 кишиден турган комиссия түзүп, бийликти кимдин колуна өткөрүүнү чечкен жатышат. Комиссия курамында жергиликтүү кеңештин 3 депутаты да бар. Азыр облустук акимчиликтин алдында төрт миңдей адам турганы кабарланууда. (BD)

XS
SM
MD
LG