Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:00

Чүйдө бийлик элдин колуна өттү


Чүйдүн Москва, Чүй жана Сокулук район борборлорунан нааразылык акциясына чыккандар райондук акимчиликтерди жана шаар башкармалыктарынын имараттарын ээлеп алышты. Айрым райондордо имараттар талкаланып, дүйкөндөр талоонго учураган жана айрым кафе, эс алуучу жайлар өрттөлгөнү туурасында да маалымат бар.

Күндүзгү саат 11:00де Чүйдүн Панфилов, Жайыл, Москва районунан келгендер Беловодск айылынын борборуна, Кемин, Ысык- Ата, Чүй районунун эли Токмок шаарына жана Сокулуктуктар район борборуна Элдик курултай өткөрүшүп, бийликке карата төмөндөгүдөй талаптарды коюп жатышты.

- Бакиев бийликтен кетсин!
- Кыргызстандын бүт байлыгын, жерин сатышты. Мындай адамдар бийликтен токтоосуз кетиши керек.
- Биз өзүбүз кадр тандоону билбейт экенбиз. Эгер биз кадр тандоону билгенибизде Д. Үсөнов өңдүү шылуундарды кызматка алып келбейт элек.

Нааразылыкка чыккандар алгач жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнун эл тарапка өтүүсүн талап кылышканда, Сокулук жана Москва районунун акимдери тынч маанайда орундарын бошотуп беришип, чогулгандар өз жетекчилерин шайлап алышкан. Бирок Токмок шаар башчысы менен Чүй районунун акими элдин талабына макул болгон жок.

- Бизди дагы эл өзү шайлаган. Биз бийлик же эл тарабында эмес ортодо калыспыз,-деди Токмок шаар мери Талантбек Исаев.

Шаар башчысынын жогорудагы билдирүүсүнөн кийин Токмокко чогулган миңдеген митингчилер акимчилик менен мэриянын имаратын басып алышты. Жаалданган жигиттер имараттардын эшик, терезелерин талкалай баштаганда тартип коргоочулар четке чыгып кетүүгө аргасыз болушту.

Бакытбек Нураалы уулу:

- Биз Токмокто атайын штаб түздүк. Эгер жергиликтүү бийлик эл мененбиз деп айтып койгондо акимчилик мынчалык талкаланбайт эле. Тартип коргоочулар өз кызматтарын кылышты. Бирок кызууланган балдар терезелерди талкалап салышты.

Түштөн кийин Чүйдүн бардык райондорунан агылган эл Бишкектин борбордук аянтындагы митингчилерге келип кошулушту. Ал эми басылып алынган акимчиликтер жергиликтүү лидерлер тарабынан коргоого алынып турат.

XS
SM
MD
LG