Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:25

Ош мамлекеттик университетинин ректору алмашты


Элдик курултайдын Ош облусу боюнча аткаруу комитетинин чечими жана убактылуу өкмөттүн макулдугу менен Ош мамлекеттик университетинин жаңы ректору болуп Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Асамидин Аттокуров дайындалды. Бул тууралуу “Азаттыктын” Оштогу кабарчысы билдирди. Анын айтымында, бул чечим студенттер жана жалпы жамаат менен макулдашылган. Жаңы ректорду университтетин жамаатына тааныштырганы барган Элдик курултайдын аткаруу комитетинин мүчөсү Алымбай Кадыров көпчүлүк окуу жайлардын ректору алмаша турганын айткан. “Азаттыктын” кабарчысынын айтымында, Ош облустук коопсуздук кызматы, ошондой эле милиция органдары күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG