Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:26

Бишкекте каршылык акциясында каза болгондорго нарындыктар куран окутту


Нарын шаарынын борбордук аянтына бүгүн эки миңдей адам чыкты. Алар Бишкекте каршылык акциясында каза болгондорду бир мүнөт унчукпай туруу менен эскеришип, куран окушту. Облустук, шаардык акимчиликтердин үстүндөгү мамлекеттик туулар ылдый түшүрүлдү. Облустук координациялык кеңештин төрагасы, элдик губернатор болуп шайланган Адылбек Эсенбеков эл алдына чыгып, шейит кеткендердин арбагына карата жылкы союларын жарыялады. (KUs)

XS
SM
MD
LG