Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:59

Бишкек ички иштер башкармалыгына кол салуу болду


Токтогул - Ибраимов көчөлөрүндө жайгашкан Бишкек ички иштер башкармалыгына кол салуу аракети болду. Бул тууралуу аталган кызматтын нөөмөт бөлүмүнөн “Азаттыкка” билдирди. Маалымдалгандай, куралчан топтор башкармалыкка кирип келүү аракетин жасаганда, кызматкерлер ок атууга аргасыз болгон. Кол салгандардын саны 3000дeй, арасында куралчандар дагы бар экени маалымдалды.

Окуя болгон жерден “Азаттыктын” кабарчысы билдиргендей, күбөлөрдүн айтымында Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери он жигитти кармап келген. Алардын артынан арасында куралы бар жүздөй киши кубалап келгенде, аларды башкармалыкка киргизбей, ок атышкан.

Ички иштер министринин орун басары Сабырбек Курманалиевдин "Азаттыкка" кабарлаганы боюнча, окуя болгон жерге аталган министрликтин жетекчисинин милдетин аткаруучу Болот Шерниязов барып, абалды тынчытты.
(AiJu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG