Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:19

Токмоктогу кырдаалды жөнгө салуу үчүн штаб түзүлдү


Бул тууралуу “Азаттыкка” Токмок шаардык кеңешинин төрагасы Калыбек Качкыналиев билдирди. Анын айтымында, штабка Токмок шаарында жашаган бардык улуттун өкүлдөрү кирди. Азыр Токмокто Манап бийдин эстелигинин алдында чогулган 500 адам дагы деле тарай элек. Алар үйлөрдү, базарларды талкалайбыз деп жатышат. Ошондой эле алар жаңы түзүлгөн убактылуу өкмөттү “баарын уюштуруп, эл алдына чыкпай орун талашып жатышат” деп сындашууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG