Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:47

Борбордук аянттагы жаштар шаар аралап агып жөнөдү


3 миңге чукул адам Бишкектеги Ибраимов көчөсүн бойлоп өтүп, Москва көчөсү аркылуу кайра Совет көчөсүнө чыгышты. Алардын баардыгы жаш балдар. Көпчүлүгү сөзгө келбейт, суроого жооп беришпейт. Колуна таяк кармаган бирөө Кара-Балтадан он микроавтобус бала чакырык менен келишкенин, эми аларды алып келген кишини таппай калышканын кабарчыбызга билдирди. Анын айтымында, балдар экинчи жагынан президент К. Бакиев көп киши топтоп алып кайра Бишкекке келет деген кабарды угуп кетпей жатышат.(AiJu)

XS
SM
MD
LG