Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:55

Путин Кыргызстандагы абалга кийлигишпейт, бирок...


 Путин Кыргызстандын ишине кийлигишпей тургандыгын айтып, бирок аскер жиберүүдө
Путин Кыргызстандын ишине кийлигишпей тургандыгын айтып, бирок аскер жиберүүдө

Кыргызстанда кайрадан, эл козголуп, бийликти күч менен кетирди. Тилекке каршы, бул жолу кан төгүлдү. Кезектеги ыңкылаптан кийинки кырдаалга дүйнө кандай мамиледе болуп жатат?

Кыргызстандан дүйнөгө тарап жаткан жаңылыктар өлкөдө кырдаал өтө татаал экендигин көрсөтүүдө. Ошого жараша дүйнөлүк реакция да күчтүү болуп жатат.

Европа биримдигинин тышкы саясаты боюнча баш өкүлү Катерин Эштон «азыр Кыргызстан үчүн демократияны, конституциялык тартипти жана мыйзамдуулукту тез кайра орнотуу маанилүү» деген билдирүү таркатты.

Эштон айымдын кайрылуусунда эгер зарыл болсо, Евробиримдик Кыргызстанга тез гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр экени белгиленет.

Кечээ жакында эле Бишкекте болуп кайткан Бириккен Улуттардын баш катчысы Бан Ги Мун Кыргызстанга Кыргызстанга Словакиянын мурдакы тышкы иштер министри Ян Кубишти Бишкекке атайын тапшырма менен жөнөтүүдө. Пан Ги Мун Венада Австриянын тышкы иштер министри менен кездешкенден кийин БУУнун жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун өкүлү катары Кубиш Кыргызстанга жума күнү келе тургандыгын билдирди.

АКШнын Мамлекеттик Департаментинин маалымат катчысы Кроли Кыргызстандагы тараптарды сабырдуулукка үндөдү:

Биз бардык тараптарды мыйзамдын үстөмдүгүн сыйлап, ортодогу айырмачылыктарын тынчтык, тартип жана мыйзам жолу менен жөнгө салууга чакырабыз. Биз Кыргыз жумуриятынын бүтүндүгүн жана Кыргызстандын элин бекем колдойбуз.

Ошол эле убакта, Кошмо Штаттары Бишкектеги "Манас" аба бекетинде жайгашкан аскердик борбордон Ооганстанга жүк ташуу убактылуу токтотту.

Анын аралыгында, Орусия Кыргызстанга 150 аскерин жөнөттү. Өлкөнүн генералдык штабынын башчысы Николай Макаровдун айтымында, алар Кантта турган орус аскерлерин коргомокчу, бирок анын алдында өкмөт башчысы Владимир Путин убактылуу өкмөт түзгөн оппозиция лидерлерине ар тараптуу жардам сунуш эткен. Смоленскиге барганда премьер Орусия Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпейт деп ырастады. "Ал жакта эмне болсо да, ал Кыргызстандын өз иши", - деди Путин.

Aйрым баяндамачылар Орусия Кыргызстандын ички иштерине кийлигиши мүмкүн экендигин эскертишүүдө. Борбор Азия боюнча эксперт, орусиялык тарыхчы Артут Уланян биздин радиого «Казакстан болсун, Өзбекстан болсун, Кыргызстандын ички ишине кийлигишүүнү каалабайт. Бир гана Орусия мындай кадамга барат. Анткени, Москва кыйладан бери америкалык аскер базанын Кыргызстанда кеңейип баратышына нааразы болуп келет» деп айтты.

Коңшу өлкөлөргө келсек, Өзбекстан менен Түркмөнстандан реакция боло элек, Европа Биримдигине төрага болгон Казакстан тараптарды сабырдуулукка чакырып, Кыргызстан менен чек арасын жаап алды.

Тажикстанда бийлиги 7-апрелдин кечинде эле «Кыргызстандагы кырдаал мыйзамдын чегинде жөнгө салынат» деген үмүт айтылган расмий билдирүү жарыялаган.

Тажикстандык баяндамачы Касым Бехмухамед Кыргызстандагы кандуу бийлик алмашуу Борбор Азиядагы башка мамлекет башчылары үчүн олуттуу эскертүү экендигин мындайча белгиледи:

- Кыргызстандагы соңку окуялар Борбор Азияадагы калган өлкөлөр үчүн өтө чоң эскертүү болуп саналат. Алар эбегейсиз экономикалык, отун-энергетикалык жана башка байлыктарга ээлик кылууга байланышкан аракеттерин өзгөртүшү керек. Өзгөчө стратегиялык, саясий же экономикалык чечимдерди кабыл алганда, жакындарынын, айрыкча балдарынын кийлигишүүсүн чектөө жагын ойлонушу керек.

XS
SM
MD
LG