Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:38

К.Бакиев: 7-апрелдеги окуялар мен үчүн күтүүсүз болду


Мамлекет башчы Курманбек Бакиев Орусиянын “Эхо Москвы” радиосуна берген интервьюсунда анын туугандары мурдагы президент Аскар Акаевдин тушунда эле жогорку кызматтарда иштеп жүргөнүн билдирди. Ошондой эле ал 7-апрелде болгон окуя ал үчүн күтүүсүз болгонун билдирди. Курманбек Бакиев 7-апрель күнү ага ОДКБнын башкы катчысы Николай Бордюжа байланышка чыкканын билдирди. “Ал убакта, мындайча айтканда, поезд жылып кетти эле. Таласта толкун башталып, тартип коргоо кызматкерлерине кол салышкан. Оппозициянын бийликти басып алуудан башка ою жок болчу. Андан башка мага чыгууга Орусия тарабынан бир да аракет болгон жок”, - деп айтты. К.Бакиев 7-апрелдеги окуядан соң Казакстан жана Өзбекстан президенттери байланышка чыкканын, ал ички маселени өзү чече турганын айткан.

Бакиев Орусиянын премьер-министри Владимир Путиндин айрым пикирлерин четке какты. В.Путин Кыргызстандагы окуя туурасында айтып жатып, Курманбек Бакиевди үй-бүлөлүк башкарууга жол бергенин белгилеген эле.

Курманбек Бакиев “мен өкмөт үйүнөн чыкпайт элем” деп, 7-апрелде анын жумуш бөлмөсүнө чейин ок атылганда гана Ак үйдөн чыгып кетүүгө мажбур болгонун, ал эми азырынча Кыргызстандан кетүү ниети болбогонун айтты. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG