Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:06

Жалал-Абадда К. Бакиевди коргоо комитети түзүлдү


Бүгүн түшкө дейре Жалал-Абад облусунун калкы президент К. Бакиевдин кайда экендигин биле алышпады. Ал тууралуy облустук бийлик да кабарсыз. Облус губернатору Кошбай Масиров Жалал-Абадда президент К. Бакиевди коргоо комитети түзүлгөнүн бүгүн чогулган элге жар салды.

Президент К. Бакиевдин бүгүн кайда экендигин расмий адамдар да айтып бере алышпады. Облбийликтин мурдагы жана азыркы башчылары, президенттин жакындары, анын жактоочулары да түшкө дейре ал тууралуу анык жооп айта алышпады.

К. Бакиевдин бир тууганы Каныбек Бакиев Сузак районундагы Ырыс айыл өкмөтүн жетектейт, ошол айылда жашайт. Дагы бир иниси Акмат Бакиев – “ Сали ата” деген фирманын деректири, Жалал-Абад шаар кеңешинин депутаты, таанымал ишкер. Облус борборунда турат. Алардан башка урук туугандары Жалал-Абад шаары менен Сузак районун мекендешет.

Бейтааныш адамдар К. Бакиев ана келет, мына келет, элге кайрылуу жасайт деген имиштерди да таратып ийишти. Ал тууралуу мурдагы губернатор Кошбай Масиров да айтканы менен саат бир жарымга дейре Бакиев Жалал- Абадга келбей, Москвага учуп кетиптир“ деген имишти атын атабаган журналист да айтып жиберди.

К. Масиров облуста президент К. Бакиевди коргоо комитети түзүлгөнүн облбийлик алдына жыйналган миңдеген кишилердин алдында жар салды. Ал Бакиевдин бир туугандарынын же башка адамдардын үй- мүлк, байлык имарат-ишканаларына эч ким кол салбаганын жана кечээтен бери облуста талап-тоноолор болбогондугун “ Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып билдирди:

- Жалал-Абат эли 1 миллиондон ашык, алар ал кишини колдойт. Ал кишини коргоп ала турган Жалал-Абат эли бар. Ал кишинин абийирине доо кетирбеш керек. Мушташ чыкпайт, тоноого да барган жок. Президент Бакиев облуска азыр келет.

Облус тургуну Абдимиталип Борбугулов үчүн кечээ окко туш болуп, Ак үй алдында көз жумуп, жараат алган адамдар үчүн ким жооп береери түшүнүксүз. Анын оюнда президент К. Бакиев 6- апрелде Талас облус бийлигин ээлеп алгандардын алдына барып, ошондо кызматтан кеткенде кайгылуу окуялар болбойт эле:

- Өзү башында революцияда койгонубузда өтө чоң сөз берген, мен үй-бүлөмдү аралаштырбайм, үй-бүлөмдөн эч ким башкаралабайт, мен өзүм башкарам, эл үчүн деген сөзү бар эле. Экинчиси, курултайда дагы жалаң дүжүрлөрдү алып барды. Үчүнчүсү, Максимди инновация-инвестицияга тартып туруп, ошону төрага кылып, алып келип алды. Жалал-Абат облусунан укалары, тиги жакта Жаныштары, кыскасы үй-бүлөлүк башкарууга өтүп кетти. Ушул чоң күнөө болуп калды буга. Ушуну токтотуш керек эле, ошолорду койбош керек эле. Болбосо бул кишинин алып барып аткан иши өтө жакшы эле. Кыргызстанды жакшы эле гүлдөтүп бараткан учурда ушул күнөө болуп калды. Таласка барып элге айтыш керек эле, мен жакпай калсам элден кетейин, кыргыз элим мен ушунча иштедим, каалаганыңарды койгула дагы. Мен отставка берейин десе деле болмок.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG