Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:56

АКШ жана Орусия тарыхый келишим түздү


Прага, 8 -апрель
Прага, 8 -апрель

АКШ жана Орусия президенттери бейшембиде тарыхый келишимге кол коюшту. Эки өлкөнүн колундагы өзөктүк куралдын санын кыскартууну караган документке кол коюу жөрөлгөсү Чехия борбору Прагада өттү.

Чехия президентинин кеңсеси жайгашкан Прага сарайында бейшемби күнү түшкө жуук кол коюлган келишимге ылайык АКШ менен Орусия алдыдагы жети жыл аралыгында өзөктүк дүрмөттөрүнүн санын ар бири 1550гө азайтат. Бул бириккенде дүйнөдөгү өзөктүк куралдын 90%на ээлик кылган эки өлкөнүн колундагы өзөктүк дүрмөттүн үчтөн бир бөлүгүнө жакыны. Келишимге кол коюу жөрөлгөсүнөн кийин сүйлөгөн сөзүндө Барак Обама буларга токтолду:

-Бүгүн өзөктүк коопсуздук, өзөктүк куралдын жайылбашы жана АКШ - Орусия алакалары үчүн өтө маанилүү учур. Ал биздин жалпы максаттарга жооп берет. Биз жайгаштыруучу өзөктүк куралды бир топко кыскартууну карайт. Биздин жеткирүү каражаттарыбыздын болжол менен жарымын азайтат. Бизге өз ара ишенимди мындан ары да чыңдоо үчүн текшерүүнүн ар тараптуу режимин камтыйт.

Орус президенти Дмитрий Медведев болсо окуяга тарыхый деген мүнөздөмө берип, жаңы келишим жалпы планета үчүн маанилүү, АКШ менен Орусия үчүн пайдалуу экендигине токтолду:

-Биз АКШнын да, Орусиянын да кызыкчылыгын тең салмактуу сактаган документке ээ болдук. Башкысы бул жерде эч ким утулган да, уткан да жок.

Стратегиялык чабуул жасоочу куралдарды кыскартуу жана чектөө боюнча чаралар деп аталган келишим
(англисче абревиатурасы - START) буга чейин 1991 –жылы түзүлгөн ушундай эле келишимди алмаштырат. Ал документтин мөөнөтү былтыр декабрда аяктаган.

Эми жаңы документ күчүнө кириши үчүн ал эки мамлекетте тең парламенттер тарабынан ратификациялануусу керек. Ал эми келишимдин шарттары кандай аткарылып жатканын тараптар жылына 18 инспекция жүргүзүү менен текшерет.

Жаңы стратегия

Бейшембиде жаңы келишимге кол коюу жөрөлгөсү АКШ президенти Барак Обама Прагада, котологон эл астында дүйнөнү өзөктүк куралдан арылтууга чакырган программалык сөз сүйлөгөндөн дээрлик бир жылдан кийин орун алып олтурат. Келишимге кол коюлар алдында Обама ошондой эле АКШнын өзөктүк курал боюнча жаңы стратегиясын да жарыялады. Анда Пентагон өзөктүк куралды колдонушу мүмкүн болгон учурлар мурдагыдан азайган. Келерки аптада болсо Обама Вашингтондо өзөктүк коопсуздук маселеси боюнча саммиттин конок ээси болот. Ага 47 мамлкеттин өкүлдөрү катышары күтүлүүдө.

Чыгуу укугу

Кремль Прагада эки президенттин пресс –конференциясы болор алдында тарткан билдирүүгө караганда, эгер АКШнын ракетадан коргонуу потенциалы Орусиянын өзөктүк күчүнүн эффективдүүлүгүнө таасир көргөзө башталганы сезилсе, Москва бейшембиде кол коюлган келишимден чыгып кете алат. Келишим АКШнын ракетадан коргонуу системаларынын сандык жана сапаттык жактан өнүктүрүлүшү акыр аягында Орусиянын стратегиялык күчтөрүнө коркунуч алып келгидей жагдай жаратпаган учурда гана иштээр алары жөнүндө өз сөзүндө орус президенти Дмитрий Медведев да айтты. Ак үйдүн расмий интернет сайты болсо Кремлдин билдирүүсүн дароо эле бир тараптуу деп баалады жана мындай жобо келишимдин текстинде каралбаганын белгиледи. Айтор АКШнын да бир тараптуу билдирүүсү Вашингтондун ракетадан коргонуу системасын өнүктүрүү пландары али күчүндө экенин каңкуулоодо. АКШ президенти Барак Обама өз сөзүндө ортодо кандайдыр бир пикир келишпестиктер бардыгына тикелей токтолгон жок, бирок орус президенти менен рактедан коргонуу маселеси боюнча талкууну кеңейтүүнү макулдашканын билдирди.

Эксперттер эмне деп жатышат?

Аналитиктер жаңы келишимдин коопсуздуктан да саясий мааниси чоң экендигин белгилешүүдө. Орусиялык аскерий эксперт Александр Гольцтун көз карашында, келишимде каралган кыскартуунун көлөмү анчалык чоң эмес, бирок анын ишеним жаратуучу чара катары мааниси чоң:

-Бул Ооганстан, Иран өңдүү башка коопсуздук маселелери боюнча кызматташтыкка жол ачат. Ушул жана башка чөйрөлөр боюнча кызматташтык эки тарап үчүн тең пайдалуу болушу мүмкүн.

Вашингтон жаңы макулдашууну өзөктүк куралды дагы көбүрөөккө кыскартууну көздөй алгачкы кадам катары карайт. Ага жетишүү азыркыдан кыйыныраак болуусу мүмкүн. Аскерий эксперт Александр Гольц “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде кошумчалагандай, Москва маселен дагы кыскартууга барууга кызыкдар. Анткени анын өзөктүк арсеналы жыл өткөн сайын эскирүүдө. Ал эми америкалык окумуштуу Жорж Мирскинин пикиринде, жаңы келишим Москвадагы антиамерикалык пропаганданы басаңдатып, эки өлкөнүн мамилесиндеги маанайды өзгөртүүгө жардам берет:

-Бул антиамерикачылдардын, Американы жаман жана жек көргөндөр менен адамдарга баарына Америка күнөөлүү экенин айтып келгендердин ишин кыйындатат.

Окумуштуу Жорж Мирски кошумчалагандай, жаңы келишимдин эки өлкө ортосундагы бийликтин балансына, балким мамиленин табиятына деле таасир тийбейт. Бирок ал эки өлкө мамилесиндеги климатты жакшыртат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG