Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:04

АКШ жана Орусия Кыргызстан боюнча кызматташууну караштырууда


Бул тууралуу америкалык расмий өкүл билдирди. Анын айтымында, президенттер Барак Обама менен Дмитрий Медведев аталган маселени бейшемби күнү Прагада, өзөктүк куралды кыскартууну караган келишимге кол коюшар алдында талкуулашкан. Обама администрациясынын Орусия иштери боюнча директору Майкл Макфол АКШ Кыргызстандагы конфликти Вашингтон менен Москва ортосундагы күрөштүн кандайдыр бир түрү катары карабай турганына басым жасады. Тескерисинче Кыргызстан боюнча кызматташтыкты Орусия менен АКШ мамилеси оңолгонунун дагы бир белгиси катары мүнөздөдү. Макфол Кыргызстанды талкуулоо демилгесин орус президенти Дмитрий Медведев көтөргөнүн, бирок тараптар жооп чаралар боюнча конкреттүү чечимге келбегенин кошумчалады. Америкалык өкүлдүн айтымында, кызматташтыктын бир жолу биргелешкен билдирүү болушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG