Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:35

ЕККУдан өкүлдөр келди


Казакстан парламентинин вице-спикери Жаныбек Карипжанов ЕККУнун чыр-чатактарды чечүү боюнча адиси Херберт Даубер менен кошо ЕККУнун атайын чабармандары катары Бишкекке келишти. Алар саат 14:00 тышкы иштер министринин орун басарынын милдетин аткаруучу Нурлан Айтмурзаев менен жолугушту. Жолугушуу жабык эшик артында өттү. Андан кийин ЕККУ өкүлү Ж. Карипжанов сүйлөшүүдө уюштуруу иштерин гана талкууланганын журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда ЕККУ чабармандарынын максаты: чатакты эртерээк чечип, тараптарды бир пикирге келтирүү. Ж. Карипжанов азырынча убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн кимиси менен жолугушары белгисиздигин, К. Бакиев менен да сүйлөшүүгө кызыкдарлыгын маалымдады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG