Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:47

Грузиянын экс-президентинин уулу соттолду


Тбилисинин соту Грузиянын экс-президенти Звиад Гамсахурдиянын баласы адам өлтүрүүгө аракет кылды жана мыйзамсыз курал алып жүрдү деп айыпталып, тогуз жарым жылга кесилди. Сотне Гамсахурдиянын адвокаты Кети Бекауринин билдиришинче, алар өкүм боюнча аппеляциялык сотко кайрылышат.

Кенже Гамсахурдия 2009-жылы октябрда ок атып коңшусун жарадар кылды деп шектелип кармалган эле. Ал өзүн президент Саакашвилиге оппозицияда болгону үчүн саясый жүйөдөн кармалдым деп эсептейт.

Звиад Гамсахурдия 1991-жылы Грузия эгемендик алгандан кийин бийликке келип, бир жылдан кийинки төңкөрүштүн натыйжасында президенттиктен кеткен жана кийинчирээк табышмактуу жагдайда көз жумган.

XS
SM
MD
LG