Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:26

Бакубат алты өлкө Иранга санкция колдонуу мүмкүндүгүн жокко чыгара элек


БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө АКШ, Британия, Кытай, Россия, Франция плюс Германиянын өкүлдөрү эмки аптада Иранга ядролук программасына байланыштуу жаңы санкция киргизүү мүмкүндүгүн талкуулашат. Бакубат алты өлкөнүн өкүлдөрү 9-апрелде Нью-Йоркто өткөн кездешүүдө ушундай бүтүмгө келишти.

БУУнун Коопсуздук кеңеши Ирандын уранды байытууну токтотуу үчүн буга дейре үч ирет санкция жарыялаган.

Россиянын БУУдагы элчиси Виталий Чуркиндин маалымдашынча, алты өлкө маселени дале дипломаттык жол менен чечүүгө кызыкдар:

- Эч ким санкция киргизүүнү каалабайт деп ойлойм. Биз дипломаттык чечимди каалайбыз жана Иранга бардык конструктивдүү сунуштар жасалды. Иран сүйлөшүүнү кааласа, диалогду башташы керек.

Кытай элчиси да ушундай пикирин билдирген.

9-апрелде АКШ жана Россия президенттери эгер Иран ядролук программасы боюнча эл аралык коомчулуктун талабына көнбөсө, тийиштүү чара көрүлөрү мүмкүн экенин эскертишкен.

XS
SM
MD
LG