Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:43

Петровка чатагы боюнча айыпталгандар акталды


Бүгүнкү соттук жараянда Москва райондук сотунун судьясы Феликс Марлес Петровка чатагы боюнча айыпталгандардын бардыгын актаган чечимин окуп берди. Бул иш боюнча жети киши айыпталып жаткан.
Өткөн жылы 26-апрелде Петровка айлынын тургундары 4 жашар кызды зордуктаган күрт жигиттин жазасыз эркин басып жүргөнүнө нааразылыгын билдирип чыгышкан. Натыйжада баш-аламандык чыгып, бир нече күрттүн үйү талкаланган. Бул окуяга тиешеси бар деген айып менен эртеси күнү “Жашылдар” партиясынын төрагасы Э. Бөлөкбаев, укук коргоочулар С. Аргынбаев жана У. Рыскулов камалышкан эле. Петровка чатагынын келип чыгышына негиз бергендиги үчүн Москва районунун акими, райондук прокурор, РИИБнүн жетекчиси президенттин көрсөтмөсү менен кызматынан алынышкан.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG