Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:58

Алмазбек Атамбаев Орусия өкмөтү менен жолугушууда


Бул тууралуу убактылуу өкмөт башчысы Р. Отунбаеванын жардамчысы Жыргалбек Турдукожоев “Азаттыкка” билдирди. Убактылуу өкмөт башчынын 1-орун басары Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга берилүүчү жардам, эки өлкөнүн экономикалык байланыштары, мындан аркы кызматташуу маселеси боюнча орус өкмө башчысы менен сүйлөшүү үчүн 8-апрелде Москвага чыгып кеткен. Ушул тапта жолугушуу жүрүп жатат.
Орусиянын өкмөт башчысы В. Путин Кыргызстандын убактылуу өкмөт башчысы Р. Отунбаева менен 8-апрелде телефон аркылуу сүйлөшүп, жардам берүүгө даярдыгын билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG