Ушул тапта Бишкектеги Башкы прокуратуранын имараты өрттөнүүдө. Учурда окуя болгон жерде өрт өчүргүчтөр иштеп жатат. Чукул кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Кылычбек Досумбетовдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, эмнеден улам өрт чыкканы белгисиз. Аталган имарат 7-апрелдеги каршылык акциясы учурунда дагы өрттөнгөн.(AiJu)